УКМК: “Мурас” борбору экологияга 7,7 млн сом зыян келтирген

12.05.2023 | 13:20

“Мурас” Кыргыз мүнүшкөрчүлүк борборунун жооптуу адамдары тарабынан экологияга 7 млн 700 миң сом зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Улукттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, Ысык-Көлдүн Тогуз-Булак айылындагы Президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы” мамлекеттик ишканасынын аймагында жана Тогуз-Булак айыл аймагында «Мурас» Кыргыз мүнүшкөрчүлүк борбору” ЖЧКсы тарабынан бак-дарактар мыйзамсыз кыйылып, жайыт жерлеринин топурактары иштетилгени аныкталды.

“Иликтөө иштеринин жүрүшүндө “Мурас” Кыргыз мүнүшкөрлүк борбору” ЖЧКсынын жооптуу адамдарынын мыйзамсыз аракеттери аныкталып, экологияга өзгөчө ири өлчөмдө 7 млн 700 миң сом зыян келтирилгени такталды. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен белгиленген зыяндын орду толугу менен мамлекеттик бюджетке толтурулду”, – деп билдирет УКМК.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top