Салык кызматы төрт айда 73,5 млрд сом чогултту

Салык кызматы төрт айда 73,5 млрд сом чогултту

Мамлекеттик салык кызматы быйыл январь-апрель айларында 73 млрд 514,2 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, белгиленген план 1,2 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. Жалпы чогулган акчанын 53 млрд 810,1 млн сому салык жана төлөмдөр болсо, 19 млрд 704,1 млн сому камсызандыруу төгүмдөрү болуп саналат.

«Пландык көрсөткүчтөрдү ашыгы менен аткаруунун негизги инструменттеринин бири – салыктык башкарууну жакшыртуу болду. Экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторинг жүргүзүү, бизнести көмүскөдөн чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун санариптештирүүнүн компоненттери – контролдук кассалык машина, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, электрондук эсеп-фактура ж.б. да өзүнүн оң натыйжаларын берди», — деп билдирет Салык кызматы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>