УКМК: «Мурас» борбору экологияга 7,7 млн сом зыян келтирген

УКМК: «Мурас» борбору экологияга 7,7 млн сом зыян келтирген

«Мурас» Кыргыз мүнүшкөрчүлүк борборунун жооптуу адамдары тарабынан экологияга 7 млн 700 миң сом зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Улукттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, Ысык-Көлдүн Тогуз-Булак айылындагы Президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы» мамлекеттик ишканасынын аймагында жана Тогуз-Булак айыл аймагында «Мурас» Кыргыз мүнүшкөрчүлүк борбору» ЖЧКсы тарабынан бак-дарактар мыйзамсыз кыйылып, жайыт жерлеринин топурактары иштетилгени аныкталды.

«Иликтөө иштеринин жүрүшүндө «Мурас» Кыргыз мүнүшкөрлүк борбору» ЖЧКсынын жооптуу адамдарынын мыйзамсыз аракеттери аныкталып, экологияга өзгөчө ири өлчөмдө 7 млн 700 миң сом зыян келтирилгени такталды. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен белгиленген зыяндын орду толугу менен мамлекеттик бюджетке толтурулду», — деп билдирет УКМК.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>