Өз багытын карманат. ЕАЭБ өз натыйжалуулугун далилдеп жатат

Өз багытын карманат. ЕАЭБ өз натыйжалуулугун далилдеп жатат

Москвада 24-25-майда «Көп кырдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция» ураанынын алдында II Евразиялык экономикалык форум өтөт. Ал ЕАЭБдин мамлекет башчыларынын катышуусунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына туш келет.

Форумдун программасында – илимий-техникалык кызматташтык маселелерин кароо, өнөр жай, экология жана энергетикада биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгуу, техникалык жана бажылык жөнгө салуу маселелерин талкуулоо жана Биримдиктин мүчөлөрүнүн ички рыногун уюштуруу кирет.

АКШ жана Батыш Европа ЕАЭБди Россияга кош импортту уюштурууга айыптап жатканы жашыруун эмес. Бул үчүн бизди санкциялар менен коркутушууда. Ошол эле учурда эч кандай так далилдерди келтире албай жатышат. Биз үчүн Батыштын коркутууларынан коркпой, өзүбүздүкүн кармануубуз маанилүү. ЕАЭБ багытында кызматташуу өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди жана аны улантуу биздин кызыкчылыгыбызда.

Эксперт Бейшенбек Ишеновдун пикиринде, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда улам көбүрөөк эсептешүүлөр улуттук валютада жүргүзүлүп жатканы — чоң артыкчылык. Ал ушундай жол менен биз валюталарыбызды резервдик кылып, АКШ долларына анчалык көз каранды болбой калабыз деп эсептейт. Экономист инвестицияны, технологияларды жана ресурстарды тартуу боюнча милдеттерди мындан да натыйжалуу ишке ашыруу үчүн евразиялык интеграция процесстерине катышуунун алкагында экономиканы өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу Кыргызстандын кызыкчылыгы экенин баса белгиледи.

II Евразиялык экономикалык форумдун максаты Евразия мейкиндигинде кызматташтык байланыштарын өркүндөтүү болуп саналат. Иштиктүү бөлүктүн негизги темалары ЕАЭБдеги интеграциялык процесстердин бизнес тарабынан талап кылынган жана эң актуалдуу маселелери болот.

Форумда төмөнкү суроолор талкууланат:

  • Биримдикти 2045-жылга чейин өнүктүрүүнүн негизги максаты эмнеде?

Аны баалоо жана өлчөө көрсөткүчтөрү;

  • Биримдиктин туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча аракеттердин негизги багыттары кайсылар?
  • Интеграциялык биримдиктин өнүгүү максаттарына жетүү үчүн кандай конкреттүү кадамдарды жасоо зарыл?
  • Кандай долбоорлор жогорку технологиялык экспорттун үлүшүн көбөйтүүгө жана транс-евразиялык корпорацияларды түзүүгө жардам берет?
  • ЕАЭБдин стратегиялык өнүгүүсүнүн кандай жаңы багыттары бар?

Евразиялык интеграция идеясын 1994-жылы Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Москва мамлекеттик университетинде сүйлөгөн көпчүлүккө белгилүү сөзүндө айткан. 2001-жылы Евразия экономикалык шериктештиги (ЕврАзЭШ), ал эми 2015-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) түрүндө ишке ашырылган, анын курамына Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия кирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ЕАЭБ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>