УКМК мыйзамсыз акча жыйнаган Cоцфонддун төрагасын кармады

УКМК мыйзамсыз акча жыйнаган Cоцфонддун төрагасын кармады

Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринен ири өлчөмдө мыйзамсыз акча жыйноого катыштыгы бар деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Чогултулган материалдардын негизинде кечээ, 18-ноябрда социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

17-ноябрда УКМК Cоцфонддун  аппарат жетекчиси Акылбек Байдылдаев  жогоруда айтылган кылмыш ишине тиешеси бар экени аныкталып  кармалганын билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>