Нарында айдоочулук күбөлүк бергендер 70 миң сомго чейин пара алып келген

Нарында айдоочулук күбөлүк бергендер 70 миң сомго чейин пара алып келген

Улуттук коопсуздук комитети мамлекеттик “Унаа” мекемесинин Нарындагы бөлүмүнүн кызматкери пара алып жатып кармалганын кабарлады.

Сынак комиссиясынын төрагасы К.Ч.О. аттуу адам 2-декабрда пара алып жатып кармалган. 

Ошондой эле ал адам аталган мекеменин башка кызматкерлери менен бирге айдоочулук күбөлүк алгысы келген адамдардан сынактан өткөрүү үчүн буга чейин да пара алып келгени аныкталган. Сынак өткөн күндөрү паранын жалпы суммасы айрым учурда 60-70 миң сомго чейин жетип турган. 

Пара менен кармалган адам Нарын шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.   

[su_image_carousel source=»media: 50594,50595,50596″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>