УКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келген

02.04.2026 | 18:05

Нарын районунун Куланак айылындагы «Тангабийке-Бердике» балдар бакчасында жарандарды жалган түрдө жумушка орноштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында, 2024-жылдын башында О.А.О. жана Т.у.А. аттуу жарандар аталган мекемеге жумушка кабыл алынган. Бирок алар эмгек милдеттерин аткарган эмес жана айылдан узак убакытка чыгып кетип турушкан. Ошол эле учурда мекемеде жумуш убактысын эсепке алуу табели жасалма толтурулуп, аларга айлык акы өз убагында төлөнүп турган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Тергөө учурунда мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын суммасы 750 миң сомду түзөрү такталды. Балдар бакчасынын директору Т.Т.Э. күнөөсүн мойнуна алып, аталган каражатты мамлекетке толугу менен төлөп берди.

Scroll to Top