Ошто Орусиядан мыйзамсыз алып келинген, баасы 1 млн сомдук алтын буюмдар аныкталды«Old Bishkek» долбоорунун жаңы өтмөгүндө шыптан суу түшүүдө: сууну чакаларга чогултуп жатышатБишкек–Нарын–Торугарт унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылдыИИМ жол эрежесин бузгандардын билимин текшерүү боюнча мыйзам долбоорун кайра чакыртып алдыБишкекте алгачкы жолу пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы болуп өттү«Asman Airlines» ишканасына эки Airbus A321 учагы сатып алынат
УКМК: ӨКМнын бөлүм башчысы коррупцияга шектелип кармалды
06.08.2025 | 15:21

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кырсыктарга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы жаранды ишке орноштуруу үчүн пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык,кармалган бөлүм башчы С.Ч.М. министрликтин бөлүмдөрүнүн бирине ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү үчүн жарандан 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып, бирок убадасын аткарган эмес. Буга байланыштуу ал мобилдик банкинг аркылуу мурда алган каражатты кайтарып берген.
Аталган факты боюнча 5-августта С.Ч.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар