УКМК Оштогу 4 экс-чиновникти кармап, бир депутатты издөөгө алды

УКМК Оштогу 4 экс-чиновникти кармап, бир депутатты издөөгө алды

УКМК Ош шаарында мурдагы чиновниктердин кармалышы боюнча үн катты.

Эскерте кетсек, буга чейин Ош шаарынын экс-вице-мэри Жасур Азимов, Муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы башчысы Ашим Семетеев, «Кадастр» ишканасынын Ош филиалынын мурдагы жетекчиси Ильяс Сансызбаев менен Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Алтынбек Токошев кармалып, 18-сентябрга чейин камакка алынганы кабарланган.

УКМКнын маалыматы боюнча, аталган экс-чиновниктер шаардык кеңештин депутаты Алмаз Иминжановго Туран кичи районунун түштүк тарабындагы сел агып өтө турган каналдын (аянты 2,2 га) жерин мыйзамсыз алууга жардам берген.

Жерди алгандан кийин депутат Иминжанов каналдын ичин толтуруп, тегиздеп, сатыкка даярдаган. 2,2 гектар жерди 30 тилкеге бөлүп, жеке менчик тууралуу документти жасаткан. Андан кийин ал жерлерди башка бир адамдарга сатып жиберген. Азыркы тапта ал жерде үйлөр тургузулган.

Сел агып өтө турган каналдын жери сатылып кеткендиктин, шаарда кыян жүргөн учурда Бакыт, Күрөңкеев жана Молодежная көчөлөрүнүн боюнда жайгашкан турак жайларды суу каптап, жарандардын өмүрүнө коркунуч жаралган.

Бул фактыга байланыштуу аты аталган чиновниктер 337-берененин 3-бөлүгү боюнча шектүү катары кармалган. Ал эми шаардык кеңештин депутаты Алмаз Иминжанов издөөгө алынды.

Оштун экс-вице-мэри жана дагы үч жетекчиси кармалды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ош УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>