УКМК: Блогер пара менен кармалды

14.12.2022 | 12:44

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча «Д.С.М.» аттуу активдүү интернет-блогер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, кармалган блогер «Д.С.М.» социалдык түйүндөрдө интернетте ар кандай чагымчыл макалалардын жарыяланышын токтоткондугу үчүн Ала-Бука райондук мамлекеттик мекемесинин жетекчисинен опузалап акча талап кылган.

2022-жылдын 12-декабрында «Д.С.М.» 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

[image_carousel source=”media: 169176,169177,169178″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top