«Гелендваген» унаасын тартып алышкан. Төртүнчү шектүү кармалды

«Гелендваген» унаасын тартып алышкан. Төртүнчү шектүү кармалды

Бишкек шаарында «Гелендваген» унаасын айдап качууга тиешеси бар төртүнчү шектүү кармалды, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, ушул жылдын август айында Бишкек шаарындагы унаага май куйган жайдын аймагында белгисиз адамдар унаанын ээсине күч колдонуп, коркутуп, денесине залал келтирүү жолу менен “Мерседес-Бенц G400” (Гелендваген) үлгүсүндөгү унааны айдап кетишкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин 2-бөлүмү “Күч колдонуу менен автомототранспорт каражатын айдап качуу” боюнча кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк бул мыйзамсыз иш-аракетке тиешеси бар мурда соттолгон үч адам кармалган. Көп өтпөй уурдалган унаа табылып, ээсине кайтарылган.

Кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Бир күн мурда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар төртүнчү шектүүнү кармашкан.

Ал Жалал-Абад облусунун 1995-жылы туулган М.уулу Ш. болгон. Ал уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат жана мурда бир нече жолу соттолгон.

Кармалган жаран Бишкек шаарынын аймагында изин жашырып жүргөн. Жаран М.уулу Ш. Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Октябрь райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>