УКМК тыюу салынган «Иеговист-Ильинчилер» диний сектасынын мүчөлөрүн кармады
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда тыюу салынган «Иеговист-Ильинчилер» («Десное бир туугандык») сектасынын ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду. Сектанын 7 мүчөсү болгон. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымдады.
Атайын кызматтын маалыматында, иликтөөнүн жүрүшүндө соттун чечими менен тыюу салынган идеологияны жайылтуу боюнча далилдер алынган. Кармалгандардын жашаган жерлерин тинтүү учурунда идеологиялык мазмундагы адабияттар, байланыш каражаттары, маалыматтарды берүүчү түзүлүштөр жана материалдар табылган.
Учурда кармалган жарандарга карата тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.
УКМК экстремисттик ишмердүүлүккө катышуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертип, жарандарды диний билим алууда уруксат берүүчү документтери бар окуу жайларга гана кайрылууга чакырды.


