Бишкекте 9,6 млн сомдук жаңы вакцина кампасы ачылды

19.11.2026 | 14:07
В Бишкеке открыли новый склад вакцин за 9,6 млн сомов — Новости Кыргызстана

Бишкекте 19-ноябрда жаңы шаардык вакцина кампасы ачылды. Ал Вакциналар жана иммундаштыруу боюнча глобалдык альянстын (ГАВИ) каражатына ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен курулуп, долбоордун наркы 9,6 млн сомдон ашты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Жалпы аянты 130 чарчы метр болгон эки кабаттуу кампа нөлдөн курулган. Анда вакциналарды керектүү температурада сактоочу жайлар, иммундаштыруу үчүн материалдарды сактоочу өзүнчө аймактар жана жеткирүүлөрдү уюштуруу үчүн инфраструктура бар.

Кампадан вакциналар Бишкектин медициналык мекемелерине таратылат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, борбор калаада 350 миңге жакын бала жашайт.

Ачылышка саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа катышты. Министрдин айтымында, кампа саламаттык сактоо системасынын жугуштуу оорулардын мүмкүн болуучу чыгуусуна даярдыгын да жогорулатат.

«Вакциналар туура сакталып, өз убагында жеткирилгенде гана балдарды коргой алат», – деди Самман Тапа.

2025-жылы ЮНИСЕФ менен ГАВИнин колдоосу менен Жайыл районунда вакцина кампасы курулган. 2027-жылы Улуттук вакцина кампасын куруу жана Өзгөн районунда кампа ачуу пландалууда.

Scroll to Top