Бишкекте «Борбор Азиянын чийим таштарына саякат» мультимедиялык көргөзмөсү ачылат

24-ноябрда Бишкек шаарындагы Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде «Борбор Азиянын чийим таштарына саякат» аттуу мультимедиялык көргөзмө ачылат. Экспозиция 6-декабрга чейин уланат. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Көргөзмөдө Борбор Азия аймагындагы аска сүрөттөрү, алардын тарыхый жана маданий мааниси мультимедиялык форматта чагылдырылат. Көргөзмөнүн мазмуну Аман-кыз жана анын жол көрсөтүүчүсү Кайберендин Таластагы Жалтырак-Таштан башталган сапары аркылуу берилет.
Долбоорду даярдоого Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын адистери катышкан. Иштин жүрүшүндө археологиялык изилдөөлөр аркылуу чийим таштардагы сүрөттөрдүн мазмуну жана доору аныкталып, салттуу билим ээлеринин түшүнүктөрү жана оозеки баяндары пайдаланылган.
Долбоор ALIPH фондунун колдоосу жана Европа Биримдигинин кошо каржылоосу менен ишке ашырылган. Көргөзмө расмий түрдө саат 12:00дө ачылат.