«Студенттерди кармап калбай, тартуу керек»: «СКОЛКОВОдогу» борбордун башчысы ЖОЖдор тууралуу

Диплом мындан ары ийгиликтүү карьерага кепилдик бербейт, ал эми жасалма интеллект (ЖИ) жогорку билим берүүнү өзгөртүп жатат. Студенттерди эмнеге окутуу керек, таланттарды кантип тартуу зарыл жана келечектин ЖОЖу кандай болушу тийиш — булар тууралуу Reporter.kg сайтына Москва башкаруу мектебинин «СКОЛКОВО» Билим берүүнү трансформациялоо борборунун директору Ольга Назайкинская айтып берди.
— Бишкекке кандай башкы миссия менен келдиңиз? Кыргызстандын кайсы аянтчаларында жана кайсы ЖОЖдору менен иштөөнү пландап жатасыз?
— Бишкекке кайра келгениме абдан кубанычтамын. Акыркы бир жыл ичинде бул жакка бир нече жолу келдим жана мындай сапарларды улантууну пландап жатам.
Бул жолу Орусия менен Кыргызстандын университеттеринин өкүлдөрүн чогулткан Кыргыз-Орус билим берүү форумуна катышуу үчүн келдим. Мен заманбап дүйнө ЖОЖдорго кандай талаптарды коюп жаткандыгы тууралуу панелдик талкууга катыштым.
Ошондой эле бүгүнкү күндө университеттерге кандай башкаруучу командалар керек экени жана алардын жетекчилеринде кандай компетенцияларды өнүктүрүү зарылдыгы жөнүндө талкууга модераторлук кылдым. Абдан кызыктуу баарлашуу болду.
Бул менин сапарымдын биринчи бөлүгү, ал эми экинчиси быйыл биз КРСУда түзгөн Выготский атындагы Билим берүү академиясынын ишке киришине байланыштуу.
— Академиянын башкы максаты эмнеде жана ал кандай иштейт?
— Быйыл КРСУда олуттуу түзүмдүк өзгөрүүлөр болду, бирок бул университеттин ичинде жүрүп жаткан кыйла терең процесстердин сырткы көрүнүшү гана.
Билим берүүгө болгон мамилелер кайрадан каралып, изилдөө ишмердүүлүгү жана жаңы чечимдерди иштеп чыгуу жигердүү өнүгүп жатат. Мунун баары дисциплиналар аралык өз ара аракеттенүүнү, иш багыттарын ирилештирүүнү жана кошумча ресурстарды тартууну талап кылат.
Натыйжада ЖОЖдо үч институт жана Билим берүү академиясы түзүлдү. Эмне үчүн институт эмес, дал академия? Себеби анын өзгөчө миссиясы жана функциялары бар. Чынында, мындай түзүмдү түзүү менин эски кыялым болчу.
Мен көп жылдан бери россиялык университеттер, Казакстандын жана башка өлкөлөрдүн ЖОЖдору менен иштешип келем жана билим берүүнүн сапаты менен системалуу түрдө алектенүү канчалык маанилүү экенин дайыма айтып жүрөм.
Эгер университет окутуунун сапатына чындап кызыкдар болсо, анда бүткүл ЖОЖдун деңгээлинде билим берүү процессин талдап, көйгөйлөрдү аныктап, өзгөрүүлөрдү сунуштап, программаларды кайра карап чыгууга жана окутуу ыкмаларын өркүндөтүүгө жардам берген түзүм туруктуу иштеп турушу керек.
Бул үзгүлтүксүз иш болушу шарт.
Андан кем эмес маанилүү багыт — окутуучулардын жана билим берүү программаларынын жетекчилеринин педагогикалык чеберчилигин өнүктүрүү. Бул биздин Академиянын негизги милдеттеринин бири.
Мындан тышкары, анда бакалавриат жана магистратура программалары боюнча болочок педагогдор, психологдор жана башка багыттардагы адистер билим алышат.
Бирок биз методикалык жана изилдөө ишмердүүлүгүнө, ошондой эле окутуучуларды жана билим берүү программаларынын жетекчилерин ички даярдоого өзгөчө маани беребиз.
— Бул иш менен өзүңүз алектенесизби же команда түзүлүп калдыбы?
— Жалгыз дарак токой болбойт. Жалгыз мындай милдетти чечүү мүмкүн эмес. Мен Академиянын илимий жетекчиси катары иш алып барам жана өзүнчө Чоңдорго билим берүү жогорку мектебин көзөмөлдөйм.
Биз бул багытты атайын бөлүп көрсөттүк, анткени университетте окутуу мектептегиден башкача курулушу керек. Бул жерде кеп педагогика жөнүндө гана эмес, андрагогика — чоңдорду окутуу жөнүндөгү илим тууралуу да болуп жатат.
Академиянын директору, ар түрдүү багыттар боюнча жогорку мектептердин жетекчилери, билим берүү программаларынын жана лабораториялардын жетекчилери бар.
Жогорку мектептердин да өз илимий жетекчилери бар. Башкача айтканда, чоң команда буга чейин эле түзүлгөн. Менимче, убакыттын өтүшү менен ал кеңейет. Пландарыбыз чоң. Бирок башкысы — команданын өзөгү бар, мен буга абдан кубанычтамын.
— Команда менен Бишкектен тааныштыңызбы же анын мүчөлөрү менен мурда эле иштешип жүрдүңүз беле?
— Ар кандай. Менин КРСУну өнүктүрүүгө катышуум көп жагынан университеттин башкаруучу командасына байланыштуу. КРСУнун ректору Сергей Юрьевич Волков — «Сколково» Москва башкаруу мектебинин «Ректорлор мектеби» программасынын бүтүрүүчүсү. Мен анын академиялык директорумун. Бул программа университеттин башкаруучуларын даярдоо менен алектенет жана анын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында азыркы иштеп жаткан ректорлор аз эмес.
Окуудан кийин Сергей Юрьевич КРСУну жетектеп калды. Былтыр «Сколководо» университеттин дагы эки командасы билим алды.
Бири — проректорлор командасы, алар да «Ректорлор мектеби» программасы боюнча окушту. Экинчиси — «КОД» программасы боюнча билим алган билим берүү программаларынын жетекчилеринин командасы.
Бул программа билим берүү программаларын кайра карап чыгууга жана жаңылоого, ошондой эле алардын жетекчилеринин башкаруу компетенцияларын өнүктүрүүгө арналган. Окуудан өткөн кесиптештер бүгүнкү күндө көп жагынан биздин команданын өзөгүн түзүп турат.
Ноябрдын башында биз «КОД» программасынын бүтүрүүчүлөрү менен бирге КРСУда ички «РОПтор мектебин» — билим берүү программаларынын жетекчилеринин мектебин ишке киргиздик. Адамдар жөн эле окуп койбостон, университетке жаңы билим жана компетенциялар менен кайтып келип, аны өнүктүрүүгө жардам бериши абдан маанилүү.
Айрым кесиптештер менен мен ушул жерден гана тааныштым. Азыр биргелешкен ишти жолго коюп жатабыз. Жаңы адамдар менен таанышуу жана кызматташтыкты түзүү дайыма кызыктуу.
Reporter.kg маалымдамасы: КРСУнун алдындагы «РОПтор мектеби» — бакалавриат, специалитет жана магистратуранын азыркы жана болочок билим берүү программаларынын жетекчилери үчүн практикага багытталган программа. Катышуучулар түздөн-түз өз билим берүү программалары менен иштешет: аналитикалык тапшырмаларды аткарышат, көйгөйлөрдү аныкташат жана чечимдерди иштеп чыгышат. Максаты — окуу программаларын административдик коштоодон аларды бирдиктүү система катары башкарууга өтүү.
— Бүгүнкү күндө диплом ийгиликтүү карьерага кепилдик бербей калды. 5–10 жылдан кийин бүтүрүүчүлөрү эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болуп калышы үчүн кыргызстандык ЖОЖдор студенттерге кандай көндүмдөрдү сиңириши керек?
— Ишенип коюңуз, бул Кыргызстан үчүн эле оор маселе эмес. Бүгүн бул суроону дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө өздөрүнө берип жатышат. Жана кимдир бирөө бул көйгөйдү өзгөчө ийгиликтүү чечүүнү үйрөнүп алды деп айта албайм.
Мүмкүн, Кытайдагы кесиптештерде бул бир аз жакшыраак ишке ашып жаткандыр, бирок ал жакта да маселе актуалдуу бойдон калууда.
Мен жогорку билим берүүнү өнүктүрүү жаатында изилдөөлөр менен алектенем жана бүтүрүүчүнүн ийгиликтүү болушу үчүн ой жүгүртүүнүн үч түрү өзгөчө маанилүү экенин көрүп турам.
Биринчиси — системалуу ой жүгүртүү. Бул айрым фактыларды жана маалыматтарды эмес, бүтүндөй системаны көрө билүү, анын элементтеринин ортосундагы өз ара байланышты түшүнүү, кайсынысы башкы, кайсынысы экинчи даражада экенин аныктоо жөндөмү.
Экинчиси — сынчыл ой жүгүртүү. Бүгүн ал өзгөчө маанилүү, анткени айланабыздагы маалымат чындык да, фейк да болуп чыгышы мүмкүн. Бирок сынчыл ой жүгүртүү — бул фактчекинг, маалыматтарды текшерүү гана эмес. Бул ошондой эле өзүңө дайыма: «Мен муну башкача жасай аламбы? Эмне үчүн дал ушундай кылдым? Менин мамилемде эмнени өзгөртүүгө болот? Баарына айкын көрүнгөн чечимди кайра карап чыгууга болобу?» деген суроолорду бере билүү жөндөмү.
Бул өзүнчө бир интеллектуалдык тынчы жоктук.
Ал эми үчүнчүсү — конструктивдүү ой жүгүртүү. Ал сынчыл ой жүгүртүү менен жупташып иштеши керек. Көйгөйдү аныктап, кырдаалды талдап, бар болгон чечимден шек саноо жетишсиз. Жаңысын сунуштай билүү зарыл.
Эгер университет бүтүрүүчүдө ушул ой жүгүртүүнүн үч түрүн калыптандыра алса, анда анын ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору болот.
Албетте, башка көндүмдөр да маанилүү: коммуникация, командада иштей билүү, өзүн-өзү уюштуруу, узак мөөнөттүү билим берүү жана карьералык траекторияны түзүү, окуу жана кайра окуу жөндөмү. Бирок ой жүгүртүүнүн ушул үч түрү болмоюнча, калган компетенциялар керектүү натыйжаны бербейт.
— Кыргызстандык мектептердин көптөгөн күчтүү бүтүрүүчүлөрү чет өлкөгө окууга кетип жатышат. Таланттуу жаштар мекенинде калып, билим алууну каалашы үчүн Кыргызстандын университеттери эмнени өзгөртүшү керек?
— Дүйнөлүк статистикага көз чаптырсак, акыркы 20 жылда чет элдик студенттердин саны болжол менен үч эсеге көбөйдү. Бул жерде кеп мобилдүү студенттер — башка өлкөдө билим алып жаткандар тууралуу болуп жатат.
Пандемиядан кийин айрым мамлекеттер бул категорияга физикалык жактан көчүп барбай эле, чет өлкөлүк университеттерде толугу менен онлайн окугандарды да кошо башташты.
Пандемия маалында эл аралык студенттик мобилдүүлүк убактылуу кыскарган. Бирок чектөөлөр алынгандан кийин адамдар кайрадан чет жакка окууга кете башташты. Жадагалса геосаясий кризистер да бул процессти токтото алган жок — агымдардын багыттары, өлкөлөр ортосундагы студенттердин катышы өзгөрүүдө, бирок жалпы тенденция сакталып калууда.
Бүгүнкү күндө дүйнөдө мындай студенттердин саны алты миллиондон ашат. Жана алар үчүн дээрлик бардык университеттер атаандашат. Эмне үчүн? Анткени булар — окууга даяр, өз алдынча чечим кабыл ала алган жана көбүнчө жакшы академиялык даярдыгы бар эң мотивациялуу жаштар.
Мен азыр окуусун үй-бүлөсү толугу менен төлөп берген колунда бар студенттердин чакан категориясы жөнүндө айтып жаткан жокмун. Көптөгөн таланттуу жаштар билим алуу үчүн грант утуп алышат же үй-бүлөлүк жыйымдарын колдонушат. Университеттер аларга кызыкдар, анткени дал ушундай студенттер өлкөнүн келечектеги интеллектуалдык капиталын түзүшөт.
Алар — потенциалдуу окумуштуулар, жогорку квалификациялуу инженерлер, изилдөөчүлөр жана башка адистер. Бирок бул жерде маселени туура коюу маанилүү. Эгер биз өз студенттерибизди кантип кетирбей кармап калуу жөнүндө гана ойлонсок, анда жалаң кармап калууга гана иштей баштайбыз.
Ар кандай механизмдер пайда болот: милдеттүү түрдө иштеп берүү, материалдык стимулдар, адамды белгилүү бир жерге байлоо аракеттери. Бирок мындай чаралар дайыма эле натыйжалуу боло бербейт.
Ал эми маселени башкача койсок — өзүбүздүн таланттуу жаштар калып гана тим болбостон, башка өлкөлөрдүн студенттери да бизге келгиси келиши үчүн эмне кылуу керек десек, анда университеттин жагымдуулугун арттырууга иштей баштайбыз. Бул — түп-тамырынан бери башка мамиле.
Биздин жарандар да ата мекендик университеттерди чет элдик ЖОЖдор менен катар атаандаштыкка жөндөмдүү вариант катары карай башташат. Ошондуктан ЖОЖдор студенттерди кармап калуу жөнүндө гана эмес, аларды тартуу жөнүндө да ойлонушу керек. Бул үчүн эмне талап кылынат?
Баарынан мурда, күчтүү илим. Олуттуу изилдөө ишмердүүлүгү, илимий борборлор жана иштеп чыгуулар болмоюнча чындап күчтүү билим берүүнү түзүү мүмкүн эмес. Болгондо да мен академиялык изилдөөлөр жөнүндө да, технологияларды, продуктуларды жаратууга жана технологиялык ишкердикти өнүктүрүүгө алып келе турган колдонмо илим жөнүндө да айтып жатам. Башкысы — университет жаңы билимдерди жаратышы керек.
Натыйжа кайсы этапта турганы анчалык маанилүү эмес: ал илимий концепциябы, макалабы же даяр продуктпу. Университетте чыныгы изилдөө иши жүрүп жатышы маанилүү.
Эгер ЖОЖ жок дегенде бир багытта — мисалы, биотехнология, жасалма интеллект, химия же гуманитардык илимдер боюнча дүйнөлүк деңгээлде болсо — бул чет элдик студенттерди тартуу үчүн олуттуу негиз болуп саналат.
Анан жергиликтүү таланттуу жаштар да мындай университетке кызыгып калышат. Изилдөөлөрдүн негизинде билим берүү программаларын жана окутуу ыкмаларын жаңылоо зарыл. Бул окуу процессин башкача уюштурууну, студенттердин окутуучулар менен өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы формаларын, билимди өздөштүрүүгө заманбап мамилелерди билдирет.
Мен лекциялардан толугу менен баш тартууга чакырбайм. Кээде жакшы лекция билим берүүнүн абдан маанилүү жана шыктандыруучу элементи болушу мүмкүн. Бирок бүткүл окуу процесси лекциялардан гана турбашы керек. Ооба, алар студенттердин маалымдуулугун жогорулатат, бирок өзүнчө эле кесиптик компетенцияларды калыптандырбайт.
Дагы бир маанилүү фактор — ар кайсы өлкөлөрдөн келген күчтүү окутуучулар жана изилдөөчүлөр. Эгер университет олуттуу илим менен алектенсе, ага чет элдик окумуштуулар келе башташат. Ал эми күчтүү эл аралык окутуучулук жана изилдөөчүлүк командасыз таланттуу студенттерди тартуу өтө кыйын.
Акырында, инфраструктура маанилүү. Кеп сөзсүз түрдө кооз, шаан-шөкөттүү имараттар жөнүндө эмес. Студенттерге окуу, жашоо, изилдөө, баарлашуу жана талкуу жүргүзүү үчүн ыңгайлуу мейкиндиктер керек.
Маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгү, жолугушуу, идеяларды талкуулоо жана жөн гана толук кандуу студенттик жашоо өткөрүү мүмкүнчүлүгү болушу тийиш. Университеттик кампустун атмосферасынын өзү маанилүү.
— Жасалма интеллект рефераттарды жазып, маселелерди чечип, экзамендерге даярданууга жардам берип калды. Ал окутуучунун ролун жана университетти кантип өзгөртөт? Жогорку билим берүүнүн көнүмүш модели эскирип калуу коркунучу барбы?
— Ал эскирип калган. Болгондо да жүз жылдай мурун эле эскирген. Ал эми жасалма интеллект муну болгону абдан даана жана оор ачып көрсөтүп жатат. Ошол эле учурда көпчүлүгү эч нерсе болбогондой түр көрсөтүүнү улантышууда. Бул балдардын жашынмак оюнун эске салат: эгер мен эч кимди көрбөсөм, демек, мени да эч ким көрбөйт. Бирок маселе, албетте, жасалма интеллектте эле эмес. Заманбап дүйнө адамга такыр башка талаптарды коюуда.
Технологиялар өнүгүп, жаңы гуманитардык жана этикалык суроолор жаралууда, адамдардын бири-бири жана коом менен баарлашуу, өз ара аракеттенүү ыкмалары өзгөрүүдө. Ал эми көптөгөн университеттерде дагы деле колдонулуп жаткан классикалык билим берүү ыкмалары студенттерди бул милдеттерди чечүүгө даярдабайт. Алар ондогон, кээде жүздөгөн жылдар мурун жашаган дүйнөгө гана туура келген.
Ошондуктан бүгүнкү башкы суроо — окуу процессин кантип кайра куруу керек? Анын негизинде ишмердик ыкма жатышы керек. Студент окутуучу бир нерсени айтып берип, андан соң укканын кайталап берүүнү талап кылган маалыматтын пассивдүү кабыл алуучусу бойдон калбашы зарыл. Билимди жөн эле өткөрүп берүүдөн компетенцияларды калыптандырууга өтүү керек.
Ал эми компетенциялар иш-аракет аркылуу гана пайда болот. Студент бир нерсе жасашы, реалдуу маселелерди чечиши, интеллектуалдык же практикалык продуктуларды жаратышы, чечим кабыл алып, жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Жана бул жерде жасалма интеллект тоскоол болбойт, тескерисинче, жардам берет.
Эгер студент маселени кантип чечип жатканын, чечим кабыл алып, коммуникация куруп же белгилүү бир механизмди долбоорлоп жатканын көрсөтө алса, ал ЖИни жардамчы катары толук колдоно алат.
Башкысы — биз анын окутуучуга тапшырган бир топ кагазын жөн эле баалабай, өзүнүн компетенцияларын көрүшүбүз керек. Мындай мамиледе окутуучунун ролу да өзгөрөт.
Мен ЖИ бардык окутуучуларды алмаштырат деп такыр эсептебейм, бирок билим берүү системасынын өзү башкача курулушу зарыл. «Окутуучу — студент» деген көнүмүш схемага ЖИни жөн эле кошуп коюп, аны ассистент катары гана пайдалануу жетишсиз.
Билим берүү процессинин бардык үч катышуучусунун: окутуучунун, студенттин жана жасалма интеллекттин өз ара аракеттенүүсүн кайра карап чыгуу керек. Ошондо гана билим берүүнүн сапатында олуттуу өзгөрүүлөргө жетишүүгө болот. Жана мындай мисалдар азыртадан эле бар.
Орусиянын айрым университеттеринде ЖИ окутуучунун кээ бир функцияларын аткарат.
Мисалы, белгилүү бир изилдөөчүлөрдүн олуттуу илимий эмгектеринин негизинде түзүлгөн ЖИ-система предметтик экспертизаны алып жүрүүчү болуп чыгат. Ошол эле учурда жандуу окутуучу аудиторияда калат, бирок анын ролу өзгөрөт. Ал медиаторго айланат: студенттер менен өз ара аракеттенүүгө, окутуунун динамикасына жана алардын прогрессине жооп берет.
Студенттин өзү болсо жөн эле билим берилүүчү объект эмес, билим берүү процессинин активдүү катышуучусу катары чыгат. Башка моделдер да бар жана мындай эксперименттерди колдоо зарыл деп эсептейм. Ошондо гана биз жасалма интеллект адамдын ордун баспай, билим берүүнү кыйла өндүрүмдүү, натыйжалуу жана заманбап кылуу үчүн кандай жаңы роль ойношу керектигин түшүнө алабыз.
— Заманбап университетти он жылдан кийин кандай элестетесиз?
— Бул абдан татаал суроо. Менин жакшы көргөн тамашам да бар: университеттер бүгүн ар башка доорлордо жашап жатышат. Мен орусиялык ЖОЖдор менен көп иштейм, өлкөдө алардын саны 700гө жакын. Болжол менен 150сү менен терең кызматташам, дагы ошончосунда эмнелер болуп жатканын жакшы билем.
Ар кайсы шаарларга көп барууга туура келет. Акыркы бир айдын ичинде эле Москва, Хабаровск, Биробиджан, Белгород шаарларында жана башка жерлерде болдум. Эмнеси кызык экенин билесизби?
Бир университетке барсаң — ал жакта XIX кылым. Эч кандай какшыгы жок. Окуу процесси дээрлик эки кылым мурдагы университеттердей эле курулган. Баарынын борборунда профессор турат, катуу академиялык иерархия сакталган.
Болгондо да айрым багыттар боюнча мындай университеттер жакшы жыйынтыктарды көрсөтүшү мүмкүн.
Башка ЖОЖго барсаң — ал жакта XX кылымдын ортосу. Баары индустриялык моделдин тегерегинде курулган: университет белгилүү бир ишкана үчүн кадрларды даярдайт, билим берүү программалары тар адистештирилген, ал эми системанын өзү заводду элестетет.
Андан кийин үчүнчү университетке киресиң — ал XXI кылымдын ортосунда жашап жаткандай сезилет. Ал жакта маалыматтык технологияларда, биотехнологияларда, изилдөөлөрдө жана билим берүү ыкмаларында укмуштуудай өзгөрүүлөр жүрүп жатат.
Ошондуктан менден он жылдан кийин университет кандай болот деп сурашканда, мен дайыма тактап сурайм: кайсы университет?
Бирдиктүү универсалдуу божомол берүү үчүн мен ар түрдүү ЖОЖдорду өтө көп көрдүм.
Бирок он жылдан кийин ийгиликтүү болууну каалаган шарттуу орточо статистикалык университет жөнүндө айтсак, анда ал бир нече негизги милдеттерди чечиши зарыл.
Биринчиси — билим берүү процессин толугу менен кайра карап чыгуу.
Студент окуудан кантип өтүп жатканын, кандай компетенцияларды алып жатканын, кандай натыйжаларга жетишип жатканын, окутуунун кандай ыкмалары колдонулуп жатканын жана алар канчалык натыйжалуу экенин талдоо керек.
Университет өзүнүн билим берүү программаларынын мазмунун жана уюштурулушун дайыма кайра карап турушу тийиш.
Экинчиси — күчтүү изилдөө ишмердүүлүгү жана иштеп чыгуулар.
Ийгиликтүү университет жергиликтүү гана эмес, эл аралык деңгээлде да байкаларлык натыйжаларды алышы керек. Бир шаардын же аймактын чегинде гана жашаган чыныгы күчтүү илим болбойт.
Үчүнчүсү — ойлонулган кадр саясаты.
Университет күчтүү окутуучуларды жана изилдөөчүлөрдү кантип тартууну, кызматкерлерди кантип өнүктүрүүнү, аларга кандай кесиптик траекторияларды сунуштоону жана иштөөсү үчүн кандай шарттарды түзүүнү түшүнүшү зарыл.
Төртүнчүсү — каржылоонун ар түрдүү булактары.
Күчтүү университет жалаң гана мамлекеттик бюджетке же окуу акысына көз каранды боло албайт.
Ал изилдөөлөрдөн, иштеп чыгуулардан, эксперттик ишмердүүлүктөн, консалтингден жана башка интеллектуалдык кызматтардан да киреше табышы керек.
Бешинчиси — ачык университеттик чөйрө.
Кампус шаардын жашоосу менен байланышта болушу тийиш. Университет өз мейкиндиктеринин бир бөлүгүн шаардыктар, бизнес жана өнөктөштөр үчүн ачып, биргелешип иштөө жана баарлашуу аянтчаларын түзө алат.
Университет шаарга, ал эми шаар университетке интеграцияланышы маанилүү. Менимче, ийгиликтүү ЖОЖдордун өнүгүшүн дал ушул багыттар аныктайт.
— Жана соңунда: Бишкекте окуп жаткан студентке кандай башкы кеңеш берет элеңиз?
— Кайсы деңгээлдеги студентке — бакалавриаттагыбы же магистратурадагыбы? Анткени кеңештер ар башка болот.
— Анда эки кеңеш бериңизчи.
— Бакалавриаттын студенттерине мен мындай дейт элем: суранам, окууну бүткөндөн кийин так кайсы жерде иштейм деп эле байланып калбаңыздар. Сиздерде ар кандай багыттарды байкап көрүүгө, өз кызыкчылыктарыңызды аныктоого, кесиптик жактан эмне менен алектенгиңиз келерин түшүнүүгө дагы убакыт болот.
Кийинчерээк кыйла жетилген чечим кабыл ала аласыздар: кошумча кесиптик билим алуу, магистратурага тапшыруу же башка адистикти өздөштүрүү. Кандай болгон күндө да өмүр бою окууга туура келет.
Заманбап дүйнө адам бир өмүрүндө бир нече кесипти алмаштыра алгыдай болуп түзүлгөн. Ошондуктан бакалавриат учурунда биз жогоруда сөз кылган ой жүгүртүүнүн үч түрүн — системалуу, сынчыл жана конструктивдүү ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө көңүл буруңуздар.
Эгер университет аларды өнүктүрүүгө жетиштүү мүмкүнчүлүк бербесе, кошумча жолдорду издеңиздер. Теңтуштарыңыз менен жакшы мамиле куруп, кесиптик байланыштарды түзүңүздөр, дүйнө таанымыңызды кеңейтиңиздер. Ар кандай долбоорлорго катышып, жаңы нерселерди байкап көрүп, ар түрдүү тажрыйба топтоңуздар. Мунун баары кийинчерээк кыйла аң-сезимдүү чечимдерди кабыл алууга жардам берет.
Ал эми магистратураны тандап жаткан студенттерге башка кеңеш берет элем. Эгер кесиптик багытта өнүгүүнү кааласаңыз, программанын күчтүү өнөктөш — иш берүүчүсү бар-жогуна көңүл буруңуз.
Университет кайсы компаниялар жана уюмдар менен кызматташарын, кайсы реалдуу долбоорлордо окуй аларыңызды, кайда стажировкадан өтүп, потенциалдуу түрдө кайда ишке орношо аларыңызды түшүнүү маанилүү. Жөн гана диплом үчүн магистратурага тапшыруунун кереги жок.
Эгер академиялык карьераны тандасаңыз, анда ушул этапта эле кайсы изилдөө темасы менен алектенгиңиз келерин жана кайсы аспирантурага тапшырууну пландап жатканыңызды түшүнүү зарыл. Мындай чечимдерди өзүнчө бөлүп алып кабыл алууга болбойт. Жок дегенде бир кадам алдыга кароо керек.
Эмнеге умтулуп жатканыңызды түшүнгөндө, сизге кандай магистратура керек экенин, эмнени үйрөнүү зарылдыгын жана азыртадан эле кандай милдеттерди чечүү керектигин аныктоо алда канча жеңил болот.
— Маегиңиз үчүн чоң рахмат. Мындай кеңештерди 15–20 жыл мурун уксам кана. Балким, ошондо жашоом башкача нукта кетмектир.
— Сизге да рахмат. Абдан кызыктуу болду.
Владимир Банников
Анара Мамытова