УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Чоткараев аткезчилик боюнча суракка алынды

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Чоткараев аткезчилик боюнча суракка алынды

Президенттикке талапкер Абдил Сегизбаевдин саясий куугунтукка алынгандыгы жөнүндө билдирүүсүнө УКМК жооп берип, расмий билдирүү таратты. 

Ага ылайык Дүйшөнбек Чоткараев алтын контрабандасы боюнча тергөө ишинин алкагында күбө катары суракка алынган.

«Аскер прокуратурасы зер буюмдарды аткезчилик менен ташыган адамдарга көмөктөшкөн УКМКнын кызматкерлерине иш козгогон.
Анын алкагында 2017-жылы УКМК ыкчам бөлүмдөрүнүн бири контрабандалык 22 килограммдан ашуун алтын зер эбуюмдарынын ири партиясын кармагандыгы аныкталган.
Бирок УКМКнын ошол учурдагы жетекчилиги тергөө алдындагы текшерүүнү токтотуу жана конфискацияланган зер буюмдарды кайтарып берүү жөнүндө мыйзамсыз буйрук берген.
Буга байланыштуу аталган кылмыштарга тиешеси бар, УКМКнын мурдагы кызматкери Б.Э кармалып, контрабандалык жүктү кармоого түздөн-түз көзөмөл жүргүзгөн УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Д.Чоткораев күбө катары суракка алынды», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, түндө президенттикке талапкер Абдил Сегизбаев маалымат жыйын берип, анын штабынын кызматкери Чоткараевди кармап кетишкенин айтып, муну саясий куугунтук атаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>