УКМКнын үч кызматкери ишкерлерден акча опузалоого шектелип кармалды

10.04.2026 | 14:38

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) атайын кызматтын 3 кызматкери тарабынан ишкерлерден системалуу түрдө акча опузалоо фактысы аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, буга байланыштуу 9-апрелде УКМКнын кызматкерлери А.К., А.А.Б. жана К.Д.К. кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Мындан тышкары, ишкерлерди текшерүү иштерин жүргүзгөн башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери: С.У.Ж., О.Г.И. жана К.У.Н. кармалганы айтылды. Алардын аталган мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар экендиги такталган.

УКМК билдиргендей, бул чаралар коррупциялык механизмдерди жоюуга жана бизнес менен коомдун кызыкчылыктарын коргоого багытталган. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө иштери улантылууда.

Scroll to Top