Украинанын президенти Владимир Зеленский экинчи мөөнөткө барышы мүмкүн

Украинанын президенти Владимир Зеленский экинчи мөөнөткө барышы мүмкүн

Украинанын президенти Владимир Зеленский экинчи мөөнөткө өлкөнү башкарууга ат салышы мүмкүн. Анткени өлкөнү толугу менен калыбына келтирүү үчүн бир мөөнөт жетишсиз болуп калат. Бул тууралуу аталган мамлекеттин Президентинин Аппаратынын жетекчиси Кирилл Тимошенко «Корреспондент» басылмасына берген маегинде билдирген.

«Эгерде президентте ушундай чечим болсо, анда ал бул жөнүндө айтат. <…> Чындыгында эле, өлкөнү калыбына келтирүү үчүн бир мөөнөт жетишсиз — бул кыска мезгил», — деди ал.

Ошол эле учурда ал мамлекет башчынын экинчи мөөнөтү жөнүндө сүйлөшүүгө убакыт жок экендигин белгиледи.

Тимошенконун айтымында, азыр Зеленский өлкөнү башкача, өнүккөн мамлекет кылгысы келет.

2020-жылы май айында Зеленский өзү буга чейин Украина эли аны колдосо, экинчи президенттик мөөнөткө баруу жөнүндө ойлоно тургандыгын айткан.

Разумков атындагы Социологиялык борбордун маалыматы боюнча, Украинанын президентин 59% жарандар колдогон. Борбордун 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларына ылайык, анын рейтинги 33%га чейин төмөндөгөн.

Украинанын президенти беш жылдык мөөнөткө түз шайлоолордо шайланат. Кийинки президенттик шайлоо 2024-жылы өтөт. Украинада 1991-жылы көз карандысыздыкка жетишкенден берки сегизинчи президенттик шайлоо болот.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>