28-октябрда Кыргызстандын Улуттук банкы кайрадан валюта рыногуна чыкты. Бул тууралуу банктын сайтында маалымдалды.
Бул 2021-жылдын башынан бери онунчу валюталык интервенция. Бул жолу Улуттук банк 50 миллион доллар сатты.
Жалпысынан январь айынан бүгүнкү күнгө чейин улуттук валютаны колдоого регулятор 391 миллион 350 миң доллар сарптаган.