Ноокатта базардан Кызыл китепке кирген кумай канаттуусу табылдыДКО жана ШКУ саммити: Бишкек жана Ысык-Көлдө кайсы жолдор жабылары айтылдыБишкектеги Улуттук тарых музейинде Кытайдын байыркы искусствосунун көргөзмөсү ачылдыКыргызстанда 2027–2031-жылдарга карата фискалдык саясаттын долбоору жактырылдыТалас шаарындагы жаңыланып жаткан К. Нуржанов аллеясы Эгемендүүлүк күнүндө расмий ачылат«ММ Стиль» ЖЧКсы Бишкек мэриясынын «кара тизмесине» киргизилди — себептери
БШК депутаттыкка талапкер Талиповго эскертүү берди
29.10.2021 | 09:36
№3 Кадамжай шайлоо округу менен депутаттыкка талапкер Нургали Талиповго кат түрүндө эскертүү берди. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кабыл алышты.
Маалыматка караганда, Талипов Кадамжай районундагы Кылыз-Булак айылындагы Коксал Топтан орто мектебинин окуучуларына мектеп формаларын тараткан. Бул маалыматты камтыган видео социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган.
Шайлоо мыйзамында буга тыюу салынган. Бүгүн үгүт иштери башталды. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат