Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Улуттук банк дагы эки валюта сатуучуга айып пул салды
19.08.2022 | 16:35
Улуттук банк лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн дагы эки валюта соодагерине айып пул салды. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, алар өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин Ысык-Көл облусунун аймагында жүргүзүшкөн.
“Улуттук банктын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын эки жаранына 17,5 миң сом айып салынды”, – деп билдирди Улуттук банк.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика