Кыргызстанда бензин кайсы жерде эң кымбат жана эң арзан — Улуттук статистика комитетинин маалыматыPISA 2025: Окуучулардын билимин баалаган изилдөөдө Кыргызстан 80-орунду ээледиМиллиондор үчүн төрөө. Карын энелик рыногунда эмне болуп жататКыргызстанда чек ара аймактарына баруу үчүн Tunduk Travel тиркемеси ишке кирет«Дарак ыры» тасмасынын режиссёру Айбек Дайырбеков маданият министринин орун басары болдуБишкек шаарынын мэри ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынан кийинки чыгымдарды текшерүүнү тапшырды
Ысык-Көлдө кытай жараны изделүүдө
19.08.2022 | 15:59
Ысык-Көл облусунда Кытайдын жараны дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин 3-курсунун студенти, 22 жаштагы Сай Тун 24-июлда Ак-Суу районунун Ала-Көл жайлоосуна чыгып кеткен боюнча келген эмес. Бул боюнча маалымат 18-августта облустук милициядан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгына атайын кат аркылуу түшкөн.
Мындан улам Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткарууу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, облустук ИИБдин кызматкерлери менен биргелекте издөө иштерине жөнөп кетишкен.
Учурда издөө иштери тууралуу кошумча маалымат берилет.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом