Кыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чуу
Жапаров жана Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү
19.08.2022 | 16:55
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Өзгөчө басым ушул жылдын 25-26-августунда Кыргызстандын төрагалыгы астында Чолпон-Атада өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын эске алуу менен Евразия экономикалык биримдигиндеги интеграциялык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө жасалды.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар