Улуттук банк доллардын курсунун көтөрүлүп жатышынын себебин айтты

Улуттук банк доллардын курсунун көтөрүлүп жатышынын себебин айтты

Учурда валюта рыногундагы жагдай салыштырмалуу туруктуу абалда турат. Бул тууралуу Улуттук Банктан билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын башталышынан тартып 6-апрель аралыгында АКШ долларынын сомго карата расмий курсу 1 АКШ доллары үчүн 1,06%, 84,8000 сомдон 85,7000 сомго чейин жогорулаган.

Өзгөрүлмө алмашуу курсунун учурдагы саясаты алкагында АКШ долларынын сомго карата алмашуу курсу чет өлкө валютасынын суроо-талабына жана сунушуна жараша ички валюта рыногунда эркин түзүлүүдө.

Азыркы учурда ички валюта рыногунда чет өлкө валютасын сунуштоого караганда, ага карата суроо-талап жогорулап жаткандыгы байкалууда, бул көбүнчө психологиялык факторлор жана рыноктун катышуучуларынын күтүүлөрү менен шартталган.

Улуттук банк ички валюта рыногундагы жана тышкы финансылык рыноктордогу жагдайды, ага кошо Кыргызстандын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндөгү жагдайды туруктуу негизде көзөмөлдөп турат.

Зарылчылыгына жараша, чет өлкө валютасынын алмашуу курсунун кескин өзгөрүлмөлүүлүгүн текшилөө жана валюта рыногундагы туруктуу жагдайды колдоо максатында, Улуттук банк ыкчам кийлигишип, тиешелүү чараларды көрө алат, анткени, жетиштүү ресурстарга жана акча-кредит саясатынын инструменттерине ээ.

Улуттук банктын эл аралык резервинин көлөмү 2022-жылдын 5-апрелине карата абал боюнча 2 626 млн АКШ долларын түзөт жана өлкөнүн товарларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн импортунун келечектеги көлөмүнүн болжол менен 6,0 айын жабат.

Жыл башынан бери 5-апрелге чейин алмашуу курсунун кескин өзгөрүүлөрүн жөнгө салуу максатында, Улуттук банк 284,30 млн АКШ доллары суммасында чет өлкө валютасын сатуу боюнча беш интервенция жана 19,90 млн АКШ доллары суммасында АКШ долларын сатып алуу боюнча эки интервенция жүргүзгөн. Жыйынтыгында таза сатуу 264,40 млн АКШ долларын түздү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>