БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Улуттук банк телефон шылуундарынан сак болууга чакырды
06.03.2025 | 14:04
Улуттук банк телефон шылуундарынан сак болууга чакырды.
Маалыматта айтылгандай, белгисиз адамдар Улуттук банктын жетекчилигинин атын жамынып, коммерциялык банктардын мурдагы жана азыркы төрагаларына жазып, мыйзам менен көйгөйлөр жаралгандыгын кабарлашууда. Бул үчүн алар Улуттук банктын жетекчилеринин сүрөтүн колдонушат.
Улуттук банк андан кийин өзүн укук коргоо органдарынын кызматкеримин деп тааныштырган адам байланышка чыгып, тезинен акча которууну суранарын билдирди.
Аталган мекеме алар шылуундар экендигин эскертип, жарандарды бейтааныш адамдарга акча которбоону суранды.

Ошондой эле аталган банк телефон аркылуу жарандардан жеке маалыматтарын жана кандай шылтоо болбосун акча которууну сурабай тургандыгын билдирди.
“Улуттук банк жарандарга эсеп ачпайт, тейлөө жүргүзбөйт жана калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом