Кыргызстанда 500 мектепте шахмат ийримдери ачылып, керектүү жабдуулар жеткирилүүдөСадыр Жапаров поезд кырсыгына байланыштуу Испаниянын королу Фелипе VIга көңүл айттыУлуттук банк шылуундар жасалма сертификат колдонуп, алдамчылык кылып жатышканын эскертти«Түндүк» иштебей, күрөө катталбай жатат — мекемелердин жообуКыргызстанда деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү программасы иштелип чыктыБоом капчыгайында 2–6-ноябрда таш түшүрүү иштерине байланыштуу кыймыл чектелет
Нарында драма театрдын имараты мамлекетке кайтарылды
06.03.2025 | 14:09
Нарын облустук М.Рыскулов атындагы драма театрынын мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын облусунун соту министрликтин Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын Нарын аймактар аралык башкармалыгынын доосун канааттандырып, Нарын районунун акимчилигинин 2002-жылдын 9-январындагы №10-б чечимин жараксыз деп тапкан.
Анын негизинде драма театрдын имараты жана анын узуну 18 метр, туурасы 11 метр жери мамлекетке кайтарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом