Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Бишкекте аскердик жүрүш өтөт

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Бишкекте аскердик жүрүш өтөт

9-майда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Бишкек шаарында аскердик жүрүш өтөт. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев салтанаттуу жүрүштү өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.

Анда майрамдык иш-чараларды, республика боюнча өтө турган маданий-массалык жана театрлаштырылган көрсөтүүлөргө даярдыктар талкууланды.

Өкмөттүн маалыматы боюнча бүгүнкү күндө Улуу Ата-Мекендик согуштун 262 ардагери бар. Мухаммедкалый Абылгазиев согуштун ардагерлерин жана ооруктун эмгекчилерин колдоонун кошумча чараларын иштеп чыгуунун зарылдыгын белгилеген.

сүрөт: Sputnik / Табылды Кадырбеков
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>