БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Унаасы “токоч” болуп калган. Оштогу жол кырсыктан Орусиянын үч жараны өлдү – видео
26.07.2022 | 13:18
Оштогу кырсыктан Орусиянын үч жараны каза болду. Бул тууралуу ЖККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, кечээ түнү Гапар Айтиев көчөсүндө Hyundai SantaFe кроссовери жарнак тактасын сүзгөн. Айдоочу жана эки жүргүнчү каза болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, чет элдик унаанын айдоочусу рулду башкара албай калган. Каза болгон үчөө тең Орусиянын жарандары.
“Жол кыймылынын бардык катышуучулары жол эрежесин билип, сактоого милдеттүү. Жолдогу тартип ар бирибизден башталат”, – деп билдирди Жол кайгуул кызматы.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом