Соцфонд орточо пенсия жашоо минимумуна качан теңелерин айтты

Соцфонд орточо пенсия жашоо минимумуна качан теңелерин айтты

Бюджет тартыштыгынан улам пенсиянын көлөмүн жашоо минимумуна жеткирүү кечеңдейт. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Жыйында журналисттердин бири пенсиянын көлөмү качан жашоо минимумуна жетерин сурап, Баш мыйзамга ылайык 2023-жылдын 1-январына карата пенсия жашоо минимумунан кем болбошу керектигин эскертти.

Алиевдин айтымында, учурда Кыргызстанда орточо пенсия 6 миң 100 сомду түзөт. Ал эми пенсионердин жашоо минимуму – 7 миң 200 сом. Октябрь айында пенсия көтөрүлгөндө орточо пенсия канчага жетип калары азырынча белгисиз.

Социалдык фонддун жетекчиси пенсия келерки жылдын башына чейин жашоо минимумуна жетпесе да, 2023-жылдын ичинде жеткирилерин айтып өттү. Аны менен бирге ал бул маселе боюнча толук маалыматты эки жуманын ичинде берилерин билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>