Ушундайда болобу? Колумбияда футболдук клуб  беттешке 7 оюнчу менен чыкты

14.04.2021 | 16:20

Футбол боюнча Колумбиянын жогорку лигасында ойногон “Рионегро Агилас” командасы коронавирустан улам беттешке 7 оюнчу менен чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, COVID-19 команданын айрым оюнчуларынан аныкталса, кээ бирлери жаракатынан улам беттешке чыга албай, оюнга 7 гана футболчу менен чыккан.

Беттешти жылдыруу өтүнүчүн футбол федерациясы четке кагып койгон. Мындан улам талаа ээлери 2 дарбазачы 5 талаа оюнчу менен беттеш өткөргөнү чыккан. Дарбазачылардын бири борбордук коргоочу катары оюн өткөргөн.

Натыйжада 7 оюнчу “Бояка Чиконун” 11 футболчусуна каршы оюн өткөрүп, 57 мүнөткө чейин гол өткөргөн эмес. Беттештин 80-мүнөттө талаа ээлеринин бир оюнчусу жаракат алып, оюн жыйынтыкталган. ФИФАнын эрежеси боюнча 6 оюнчу беттешти уланта албайт.

Беттештен соң, “Рионегро Агилас” командасынын Twitter баракчасында: “Биз утулдук, бирок COVID-19 менен болгон кармашты утабыз. Силер менен сыймыктанабыз”, – деп билдирүү калтырган.

Scroll to Top