Кыргызстан үчүн ЕАЭБдин өнөр жай долбоорлоруна катышуу шарттары жөнөкөйлөтүлөт2026-жылы бизнес кимди издеп жатат жана канча төлөөгө даяр?Кыргызстандагы россиялык инвесторлор саясий тобокелдиктерден камсыздандырылатЖакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушунан улам Brent мунайынын баасы бир баррелине 112 доллардан аштыКыргызстан парламентте аялдардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда туратМанаста 6,8 млрд сомдук филармониянын курулушу токтотулуп, айрым обьектилер Курулуш министрлигине өттү
UWW президенти Ненад Лалович УОКтун алтын медалы менен сыйланды
21.06.2022 | 14:05
Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) президенти Ненад Лалович Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин Алтын ордени менен сыйланды.
Сыйлык тапшыруу аземи Бишкекте грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатынын ачылышынын алкагында өттү. Сыйлыкты УОКтун президенти Садыр Мамытов тапшырды.
«Алтын орден көп жылдык жемиштүү кызматташуу, олимпиадалык баалуулуктарды жайылтуу жана күрөштү жайылтууга жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылат», – деди Садыр Мамытов.
Алтын орден – спорттун өнүгүшүнө эң чоң салым кошкон инсандарга берилүүчү атайын сыйлык.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт