Бизнес-коомчулук Баткен облусун өнүктүрүү жолдорун сунушташты

Бизнес-коомчулук Баткен облусун өнүктүрүү жолдорун сунушташты

Кечээ, 20-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажыбаев бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, жолугушууга Кыргызстандын Бизнес-акыйкатчысынын орун басары Нурлан Мүсүралиев, Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков, Кыргызстандагы Америкалык соода палатасынын аткаруучу директору Дастан Иманалиев жана Инвестициялык кеңештин өкүлдөрү катышты. Жолугушууда тараптар Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин, атап айтканда инвестициялык климатты жакшыртуу жолдорун талкуулашты.

Депутат Ч.Ажыбаев Баткенге чек ара аймагы катары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле ал «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруунун алкагында аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга токтолду.

Өз кезегинде Н.Мүсүралиев Баткен облусунун ишкерлеринен түшкөн суроолорду көтөрдү. Алсак, Кыргызстандын жаңы Салык кодексин киргизүү боюнча салыктык жеңилдиктер жана контролдук-кассалык машиналарды фискалдаштыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөгөндүгүн, ККМди техникалык тейлөө борборлорунун жоктугун жана жеке ишкерлер тарабынан төлөнүүчү патент боюнча коюлган чендерди кайра карап чыгуу зарылдыгын белгиледи.

А.Сыдыков тоо-кен тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Тактап айтканда, учурда «консервацияланган» «Апрель» кени тууралу сөз кылды. А.Сыдыков белгилегендей, бул тармакты өнүктүрүү облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң таасирин тийгизет.

Ал ошондой эле Тажикстан менен эки тараптуу соода алакасын активдештирүү, бизнес жүргүзүүгө уруксат берүү жоболорун жөнөкөйлөтүү, негизсиз текшерүүлөрдү жана ишкерлердин ишмердүүлүгүнө кийлигишүүнү кыскартуу, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, катышуучулар жерди трансформациялоо, ККМ аппараттары коюлбаган үчүн айыптарды азайтуу маселелерин көтөрүштү.

Өз кезегинде депутат Ч.Ажыбаев мындан ары бизнес чөйрөсү менен кызматташууга жана бул көйгөйлөрдү чечүүдө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи. Ал Баткен облусун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик органдар менен иш улана берерин ишендирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Баткен

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>