«Мен патриотмун”: Чолпон-Атада кол кармаш боюнча эл аралык турнир өттү

«Мен патриотмун”: Чолпон-Атада кол кармаш боюнча эл аралык турнир өттү

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «Мен патриотмун” ураанынын астында армиянын кол кармашы боюнча эл аралык турнир өттү.

Маалым болгондой, турнир 1999-2021-жылдардагы Баткен окуясында курман болгондордун жаркын элесине арналды. Мелдешке күч жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты. Анын ичинде Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын «Омега» атайын багыттагы  отрядынын өкүлдөрү катышты.

Мелдеште төмөндөгү кызматкерлер байгелүү орундарга ээ болушту.

  • 65 кг салмактагы мелдеште 1-орунду, ички кызматтын капитаны Абдилманап кызы Бүбүсайра, “Омега” отрядынын инспектору;
  • 75 кг салмактагы мелдеште 3-орунду прапорщик Руслан Манасалиев, “Омега” нын жоокери;
  • 85 кг салмактагы мелдеште 3-орунду Акматбек уулу Эрлан, «Омега» жоокери;
  • 85 кг салмактагы мелдеште 3-орунду сержант Эрмек Кыдыбеков, «Омега»нын жоокери;
  • 90 кг салмактагы мелдеште 3-орунду улук прапорщик Билал уулу Эрлан,  «Омега» жоокери ээледи.

Жеңүүчүлөр медаль жана дипломдор менен сыйланышты.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ
Тэги: турнир

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>