Уюлдук телефон тоноого айыпталып 4 өспүрүм кармалды

Уюлдук телефон тоноого айыпталып 4 өспүрүм кармалды

Милициянын кайгуул кызматы уюлдук телефон тонооого  шектүү өспүрүмдөр кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык,  25-декабрда саат 23:40  чамасында 16 жашар А.Д. аттуу баланы Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде уюлдук телефонунун белгисиз өспүрүм балдар тартып алган.

Милиция кызматкерлери ыкчам аракеттерди жүргүзүп, Абдрахманов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинен кылмышка шектүү катары 18 жаштагы К.Т.,  Д.Т, 20 жаштагы К.Б. жана 17 жаштагы А.А. аттуу балдарды кармаган. 

Шектүүлөр тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>