Кыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 89%га жеттиМосквада белгилүү сүрөтчү Семён Чуйковдун көргөзмөсү ачылатТМУ өлкөлөрү соттук-эксперттик мекемелердин бирдиктүү Түрк тармагын түзүүнү макулдаштыКыргызстанда банктык насыяларды берүү ыргагы кескин басаңдадыОштун мэри «Алай» футболдук клубуна автобус тапшырдыКыргызстанда климаттык ишмердүүлүк жөнүндө мыйзам сунушталды
Кыргызстанда 29-марттан баштап коронавируска каршы эмдөө башталат
25.03.2021 | 09:30
Кыргызстанда 29-марттан баштап коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эмдөө Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Чүй облусунда өткөрүлөт.
Кытай вакцинасынын 150 миң дозасы Кыргызстанга жеткирилген. Ошондой эле орусиялык дары-дармектин 500 миң дозадан турган гуманитардык жеткирүүсү күтүлүүдө.
Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөөнү үч этап менен жүргүзүү пландаштырылууда. Саламаттык сактоо министрлиги калкты этап-этабы менен эмдөөнүн планын түзүп, эсептөөлөрдү жүргүзүп, Каржы министрлигине тапшырды.
Өлкө аймагында илдет жуктургандардын жалпы саны 87 652ге жетти, анын 84 339у сакайды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом