Велосипед менен ажыга барган жаран мекенине кайтып келди
Велосипед менен Ош шаарынан Меккеге ажылык сапарга кеткен жаран кайтып келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ош шаарынын 28 жаштагы тургуну Эрмахаммат Тожимахаммат 4-майда велосипед менен ажылык сапарга аттанган. Ал Өзбекстан, Казакстан, Грузия, Түркия жана Дубай аркылуу Сауд-Арабияга барып, мусулмандык парзын аткарган.
“Бүгүн, 13-июлда 71 күн өткөн соң Өзбекстан аркылуу өлкөгө аман-эсен кайтып келди. Аны Ош шаарынын борбордук аянтында Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, туугандары жана жакындары тосуп алышты”, – деп билдирет мэрия.
[image_carousel source=”media: 193874,193875,193876,193877″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда