Ленин району боюнча ЖК депутатын шайлоого канча акча кетери айтылды

Ленин району боюнча ЖК депутатын шайлоого канча акча кетери айтылды

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого канча акча кетерин билдирди.

БШКнын маалыматы боюнча, кайра шайлоо өткөрүүгө бюджеттен жалпы 13 млн 208,8 миң сом кетет.

«Смета шайлоону уюштуруу жана маалыматтык жактан камсыз кылуу, комиссия мүчѳлѳрүн жана ишке тартылган кызматкерлердин эмгек акысын, чыгашаларын тѳлѳѳ үчүн чыгымдарды ѳзүнѳ камтыйт. Бардыгы болуп Ленин округдук жана 51 шайлоо комиссияларынын 745 мүчѳсү ишке тартылат. Идентификациялоону камсыз кылуу үчүн 24 операторду ишке тартуу пландаштырылууда», — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда, шайлоого карата шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу, ал үчүн кеңсе буюм-тайымдарын, маалыматтык жана башка материалдарды сатып алуга кеткен чыгашалар кыскартылган. Себеби, 28-майда өткөн шайлоодо комиссия мүчөлөрү окутуудан өтүп, керектүү кеңсе буюмдары алынган.

Маалым болгондой, кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленди.

Эскерте кетсек, быйыл 28-майда Бишкектин Ленин райондук шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өткөн. Бул шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан кийин өткөрүлгөн. 27-мартта Абиров мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан.

28-майда өткөн шайлоодо Дамира Ниязалиева эң көп добуш алган. Бирок ал добуш сатып алууга шектелип, анын талапкер катары каттоосу жокко чыгарылган. Ошондой эле, аталган шайлоодо экинчи орунду алган талапкер Улан Сариев да добуш сатып алууга шектелип жатканы кабарланган. Добуш сатып алуу фактылары боюнча кылмыш иштерои козголгон.

БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, Ленин районунда кайра шайлоо өтө турган болгон.

Жокко чыгарылган шайлоону өткөрүүгө бюджеттен 18,5 млн сом жумшалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>