Бишкек милициясынын экс-башчысынын иши сотто каралууда

Бишкек милициясынын экс-башчысынын иши сотто каралууда

Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу Бишкек шаардык милициянын мурдагы башчысы Бакыт Матмусаевдин иши сотто карала башталды. Бул тууралуу жактоочу Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, иш Биринчи май райондук сотунда каралууда. Бүгүнкү отурумда прокурор Матмусаевге тагылып жаткан айыпты угузган. Ал шалаакылыкка айыпталууда. Матмусаев күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Отурумда эки күбө сурак берген. Кийинки отурум 25-июнга белгиленди.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 5-апрелинде Айзада Канатбекованы топ балдар унаага салып уурдап кеткен. Эки күндөн кийин Канатбекованын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү Бишкектин четиндеги айылдан табылган.

Айзаданы уурдоого катышкан адамдар кармалып, аларга иш козголгон. Сентябрь айында Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, Айзада Канатбекованы уурдоого катышкан Ажикабыл Рысбай уулу, Сыймык Молдосариев жана Орузбек Нурумбетов 7 жылга, Кубаныч Токон уулу жана Замирбек Раманкулов 6,5 жылга эркинен ажыратылган.

Андан тышкары соттун өкүмүнө ылайык, айыпталып жаткан тарап Айзаданын жакындарына моралдык жана материалдык зыян катары 100 миң сом төлөп бермекчи болгон.

2022-жылы сентябрь айында иш Жогорку сотто каралып, Биринчи май райондук соттун чечими күчүндө калган.

Айзада Канатбекованын уурдалышы боюнча чара көрбөй, шалаакылык кетирген Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлерине да иш козголгон. Бирок милиция кызматкерлери тартиптик жаза менен гана чектелип, четинен ишке кайтып келе баштаган.

Ошондой эле, 2021-жылдын апрель айында Бишкек шаардык милициянын ошол учурдагы башчысы Бакыт Матмусаев менен орун басарлары кызматтан алынган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>