Велосипед менен ажыга барган жаран мекенине кайтып келди

Велосипед менен ажыга барган жаран мекенине кайтып келди

Велосипед менен Ош шаарынан Меккеге ажылык сапарга кеткен жаран кайтып келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ош шаарынын 28 жаштагы тургуну Эрмахаммат Тожимахаммат 4-майда велосипед менен ажылык сапарга аттанган. Ал Өзбекстан, Казакстан, Грузия, Түркия жана Дубай аркылуу Сауд-Арабияга барып, мусулмандык парзын аткарган.

«Бүгүн, 13-июлда 71 күн өткөн соң Өзбекстан аркылуу өлкөгө аман-эсен кайтып келди. Аны Ош шаарынын борбордук аянтында Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, туугандары жана жакындары тосуп алышты», — деп билдирет мэрия.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>