Раззак Бейшекеев грек-рим күрөшүндө алтын алып, Азия чемпиону болдуИнвестициялар боюнча улуттук агенттик NWT Group компаниясы менен энергетика, өнөр жай инфраструктурасы жаатында кызматташатБүгүн, 9-апрелде, көпчүлүк аймактарда жаан-чачын жаайтКыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 гана ардагери калды: алар Жеңиш күнүнө карата кандай төлөмдөрдү алышат?ТИМ: Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууну кубаттайтАвтобустарда телефон уурдап жүргөн. Бишкекте чөнтөк уурулукка шектелген жаран кармалды
Видео: УКМК студенттерден пара талап кылууга шектеп эки окуу жайдын кызматкерлерин кармады
23.09.2023 | 14:16
Кытайга гранттык окууга тапшыруусу үчүн студенттерден пара талап кылууга шектелип Ж. Баласагын жана К. Карасаев атындагы университеттердин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган эки университеттин факультеттеринин жетекчилери коррупциялык схема уюштуруп, Кытайдагы окуу жайга гранттык орунга тапшыруу үчүн студенттерден 900 доллар пара талап кылышкан.
Пара талап кылууга шектүү катары И.Б.М., А.С.Х. аттуу кызматкерлер кармалып, дагы бирөө Б.Р.С. УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз