Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Шаршенбеков реванш алууга чыгат

Дүйнө чемпионаты: Бүгүн Шаршенбеков реванш алууга чыгат

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков 22-сентябрда Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, алтын үчүн күрөшө турган болду. Аны менен бирге ал 60 кг салмакта 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Жоламан Шаршенбеков быйыл төртүнчү ирет дүйнө биринчилигинин финалына чыгып жатат. Буга чейин кыргызстандык балбардын арасынан эч ким аталган мелдештин финалына төрт жолу чыккан эмес. Шаршенбековдун куржунунда дүйнө чемпионатынын бир алтын жана эки күмүш байгеси бар. Ошол эле учурда Шаршенбеков чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатына төртүнчү ирет катышып, төртөөндө тең финалга чыгып отурат.

Алгачкы жолу ал 55 кг салмакта 2018-жылы Будапешттеги (Венгрия) чемпионатта финалга чыккан. Бирок анда азербайжандык Элдениз Азизлиге утулуп, күмүш тагынган.

2019-жылы Казакстандын Астана шаарында (Нурсултан деп аталып турганда) өткөн дүйнө чемпионатына 60 кг салмакта Кыргызстандан Каныбек Жолчубеков барган. 2020-жылы коронавируска байланыштуу дүйнө биринчилиги уюштурулган эмес. Бирок жеке дүйнө кубогу өткөрүлгөн. Анда Шаршенбеков алтын утуп, дүйнө кубогунун ээси болгон.

2021-жылы Ослодо (Норвегия) өткөн дүйнө биринчилигинде Шаршенбеков 60 кг салмакта күрөшүп, финалда молдовалык Виктор Чобану менен күч сынашкан. Тилекке каршы атаандашына жеңилип, экинчи күмүш байгеге татыган.

2022-жылы Жоламан Шаршенбеков Сербиянын Белград шаарында өткөн биринчиликте алгач ирет дүйнө чемпиону болгон. Финалда ал болгариялык Эдмонд Назарянды жеңип алган.

Бүгүн Шаршенбеков дагы бир ирет дүйнө чемпионатынын алтын байгеси үчүн ат салышат. Анын атаандашы япониялык Кеничиро Фумита болот. Буга чейин эки балбан 2020-жылы Нью-Делидеги (Индия) Азия биринчилигинин финалында кез келген. Анда Шаршенбеков Фумитага жеңилип калган. Бүгүнкү беттеште Шаршенбеков экинчи ирет дүйнө чемпиону болууга жана реванш алууга чыгат десе болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>