Видео: Акжол Махмудов дүйнө чемпионатындагы жеңишинен кийин кыргызстандыктарга кайрылды

Видео: Акжол Махмудов дүйнө чемпионатындагы жеңишинен кийин кыргызстандыктарга кайрылды

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде жеңишке жетип, дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон Акжол Махмудов (77 кг) финалдык беттешинен кийин кыргызстандыктарга кайрылды.

Ал колдоо көрсөтүп, жеңиш тилеп, күйөрмандык кылган ар бир кыргызстандыкка ыраазычылык билдирди. Аны менен бирге ал үй-бүлөсүнө, машыктыруучуларына, команда мүчөлөрүнө рахматын айтты.

«Баарыңыздарга чоң рахмат. Бул ийгилик ынтымак жана биримдиктин артынан келди», — деди ал.

Эскерте кетсек, Акжол Махмудов бул дүйнө биринчилигинде жеңишке жетүү менен экинчи ирет дүйнө чемпиону аталып отурат. Былтыр ушул эле Белград шаарында өткөн биринчидикте алгачкы жолу дүйнө чемпиону болгон. Акжол Махмудов — Кыргызстандын тарыхында грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпиону болгон биринчи спортчу (ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону болгон биринчи балбан).

Акжол Махмудовдун бул биринчиликте уткан алтыны Кыргызстандын куржунундагы экинчи айлтын байге болуп саналат. Биринчи алтынды 21-сентябрда балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алган.

Акжол Махмудов экинчи ирет дүйнө чемпиону болду (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>