Владивостокто оор конструкция кулап, кыргызстандык эки жумушчу жаракат алганы айтылды

Россиянын Владивосток шаарында 14-августта чоң кырсык катталды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазууда.
Маалыматка ылайык, шаардын ЖЭБ-2 (жылуулук электр борбору) жайында оңдоо иштерин жүргүзүү учурунда темир конструкция кулап түшкөн. Анын астында кыргызстандык үч жумушчу түшүп калган, алардын ичинен эки киши жаракат алган. Белгилүү болгондой, алар 8 метр бийиктиктен кулашкан. Учурда жабыркагандар Владивостоктогу №2 клиникалык оорукананын дарылоо бөлүмүндө жатат. Бирөө реанимацияда, абалы оор, экинчиси нейрохирургия бөлүмүндө орто оор абалда дарыланууда.
Маалыматка караганда, бул кырсыкта каза болгондор да бар, бирок кыргызстандыктардын арасында өлүм катталган эмес.
Окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги азырынча расмий маалымат берген жок.