Военно-Антоновка, Серафимовка. Чүй, Талас, Баткенде айылдардын аталышы өзгөрөт
Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айылдарынын аталышы өзгөрөт. Бул тууралуу Министрлер кабинети мыйзам долбоор иштеп чыкты.
Ага ылайык Баткен облусунда:
Говсувар айылы – Орто-Боз айылы;
Чимген айылы – Чымкен айылы;
Голбо – Алтын-Бешик айылы;
Маданият айылы – Айбике айылы;
Кыргызстандын 50 жылдыгы айылы – Миң-Жыгач айылы;
Чапаев айылы – Арча-Бешик айылы;
Дыйкан айылы – Чоко-Бий айылы деп өзгөрөт.
Нарын облусунда Жерге-Тал айыл аймагы Эсеналы Дайракунов айыл аймагы деп аталат.
Ош облусунда:
Сары-Булак айыл аймагы – Рыспай Абдыкадыров айыл аймагы,
Киров айылы – Кенжебай айылы болот.
Таласта:
Куру-Маймак айылы – Сатыкей айылы;
Покровка айыл аймагы – Семетей айыл аймагы;
Покровка айылы – Семетей айылы деп аталат.
Чүйдө:
Новомихайловка айылы – Бообек айылы;
Военно-Антоновка айыл аймагы – Кожомкул айыл аймагы;
Военно-Антоновка айылы- Кожомкул айылы;
Серафимовка айылы – Кебек-Бий айылы болот.