Япония Кыргызстанга 3,5 млн доллар грант бөлөт. Ал кайда жумшалат?

10.03.2024 | 12:21

Япония Кыргызстандагы калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүү үчүн 3,5 миллион АКШ доллары өлчөмүндө грант бөлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-мартта БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Жапониянын элчилиги ортосунда 519 миллион иен (3,5 миллион АКШ доллары) сандагы гранттык жардам берүү боюнча документтерге кол коюу аземи болуп өттү.

“Бул долбоор Кыргызстандын Баткен, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарында жашаган экономикалык жактан өзгөчө оор шарттарда турган калктын аялуу катмарына негизги инфратүзүмдөрдү камсыз кылуу, импортко көз каранды болгон азык-түлүктү (ун, өсүмдүк майы ж.б.) берүү, өз кесибинде, ишкердикте, ошондой эле айыл чарбасында квалификациясын жогорулатуу аркылуу жардам көрсөтүүгө багытталат”, – деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top