Япония Кыргызстанга 3,5 млн доллар грант бөлөт. Ал кайда жумшалат?

Япония Кыргызстанга 3,5 млн доллар грант бөлөт. Ал кайда жумшалат?

Япония Кыргызстандагы калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүү үчүн 3,5 миллион АКШ доллары өлчөмүндө грант бөлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-мартта БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Жапониянын элчилиги ортосунда 519 миллион иен (3,5 миллион АКШ доллары) сандагы гранттык жардам берүү боюнча документтерге кол коюу аземи болуп өттү.

“Бул долбоор Кыргызстандын Баткен, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарында жашаган экономикалык жактан өзгөчө оор шарттарда турган калктын аялуу катмарына негизги инфратүзүмдөрдү камсыз кылуу, импортко көз каранды болгон азык-түлүктү (ун, өсүмдүк майы ж.б.) берүү, өз кесибинде, ишкердикте, ошондой эле айыл чарбасында квалификациясын жогорулатуу аркылуу жардам көрсөтүүгө багытталат”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>