Бишкекте эртең жашылдандыруу боюнча эки айлык башталат

Бишкекте эртең жашылдандыруу боюнча эки айлык башталат

Бишкек шаарында 11-марттан 11-майга чейин борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, эки айлык борбордун инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу, аймагын көрктөндүрүү максатында жарыяланды.

Эки айлыктын алкагында көчөлөрдү тазалоо жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, менчигинин түрүнө карабастан уюмдар жана мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдө жана жеке турак жайларда жашаган жарандар тартылат.

2024-2025-жылдарга Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча штаб түзүлгөн.

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге ишти күчөтүлгөн режимде уюштуруу тапшырылды.

Муниципалдык инспекцияга жана муниципалдык чарба башкармалыгына бекитилип берилген участоктордун абалына көзөмөлдү жана үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу милдети тапшырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>