Үч адамдын өлтүрүлүшү: Маркум аялдын энеси депутаттар менен жолукту

Үч адамдын өлтүрүлүшү: Маркум аялдын энеси депутаттар менен жолукту

Быйыл Бишкекте эки баласы менен чогуу киши колдуу болгон Алтынай Канзаманованын апасы Үрү Дүйшөбаева (Канзаманова) Жогорку Кеңештин депутат айымдары менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын форумунун кезексиз жыйыны өтүп, анда маркумдардын туугандарынын маселеси угулган. Жыйынга төрайым Миргүл Темирбаева, депутаттар Шарапаткан Мажитова, Айсаракан Абдибаева, Аида Исатбек кызы, Нилуфар Алимжанова, Жылдыз Таалайбек кызы катышкан.

Маалыматка караганда, 82 жаштагы Үрү Дүйшөбаева депутат айымдардын форумуна адилеттик издеп кайрылып, жыйында арыз-муңун айткан. Ал соттук отурум улам создугуп, өкүм чыкпай жатканына нааразылыгын билдирген.

«Бул каргашалуу окуя 16-февралда болгон, тогузунчу ай кетип жатат. Улам сот процесси ар түрдүү шылтоолор менен созулуп келе жатат. Соттор чечкиндүү болбой жатат. Кечээги сотто өзүн куткарыш үчүн башкача айтып жатканы бизди кайра кыжаалат кылды. Бизге жардам берүүңүздөрдү суранам», — деди 82 жаштагы эне.

Белгилей кетсек, 16-октябрда резонанстуу окуя боюнча Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунда кезектеги отурум болуп, анда үч өлүмгө айыпталып жаткан Чынтемир Ашыралиев мурунку берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, аялды жана анын эки баласын өлтүргөн эместигин айтып чыккан.

«Айым депутаттар форумунун төрайымы Миргүл Темирбаева Жогорку Кеңештен кайрылуу жасап, сот процессин көзөмөл кылууга мыйзам чегинде көмөк көрсөтүү зарылдыгын белгиледи. Депутат Нилуфар Алимжанова маселе боюнча Акыйкатчы институтуна кайрылуу жолдоо сунушун айтты. Ал эми эл өкүлү Шарапаткан Мажитова Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо жана гендердик тендик боюнча кеңештин 19-октябрда өтө турган жыйынына тийиштүү органдардын өкүлдөрүн чакырып, аталган маселени кароо сунушун берди», — деп айтылат маалыматта.

Үч адамдын өлтүрүлүшү: Ашыралиев киши өлтүргөнүн мойнуна алган жок

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>