ИИМдин делегациясы Кореядагы полиция саммитине катышууда

ИИМдин делегациясы Кореядагы полиция саммитине катышууда

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов баштаган кыргызстандык делегация Кореянын борбору Сеулдагы эл аралык полиция саммитине катышууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-октябрда Сеулда дүйнөлүк укук коргоо органдарынын мыкты өкүлдөрүнүн башын бириктирген Эл аралык полиция саммити башталган. Аталган иш-чарага Кыргызстандын делегациясынын курамында ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Уланбек Султанов, ИИМдин эл аралык кызматташтуу башкармалыгынын башчысы Нурбек Жангабылов барган.

«Жыйындын жүрүшүндө трансулуттук кылмыштуулукка, баңгизаттарга каршы күрөшүүдө жана тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодо глобалдык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиленди.

Азыркы өзгөрүп жаткан заманбап дүйнөдө технологиялык прогресстин акыркы жетишкендиктери кылмыш жасоодо кеңири колдонулууда, кылмыш жасоонун жаңы формалары жана ыкмалары пайда болууда, аларга каршы күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылат. Ушуга байланыштуу министрлик жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү үчүн чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен кызматташууну кеңейтүүгө умтулууда», — деп билдирет министрлик.

Саммиттин жүрүшүндө киберкылмыштуулук жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулук тармактары менен күрөшүү маселелери талкууланган. Ошондой эле катышуучулар укук коргоо жана улуттук коопсуздук жаатындагы тажрыйбалары менен бөлүшкөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>