“Үй-бүлөдөн куулуп жатышат”. Аялдарга ЭКО жасатууга мамлекеттен колдоо көрсөтүү сунушталды

11.01.2024 | 12:31

Кыргызстанда экстракорпоралдык жол менен уруктандырууну жасаган бир дагы мамлекеттик клиника жок. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.

Ал балалуу болууну эңсеген үй-бүлөлөргө колдоо иретинде мамлекеттик квотаны киргизүүнү сунуштады.

“Жеке клиникалар гана ЭКО жасайт. Алардын бир жолку кызматы 500 миң сом турат. Айрымдар 7-8 жолу аны жасатууга аргасыз. Акчасы тартыш үй-бүлөлөр кыйналып калып жатышат. Алардын уруктандыруунун бул ыкмасын жасатууга каражаты жок болуп, эркек күнөөлүү болсо дагы үй-бүлөдөн куулуп жатышат”, – деди ал.

Элвира Сурабалдиева Казакстанда экстракорпоралдык жол менен уруктандырууга мамлекеттик квота бар экенин белгиледи. “Биздин аялдардын эмнеси кем? Алар дагы колдоого муктаж”, – деп кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top